Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:25

Өспүрүмдөрдүн укугун коргоо талкууланып жатат


Бүгүн Бишкекте "Мыйзам бузган өспүрүмдөрдүн укугун коргоо үчүн кызматташтык" темасындагы талкуу өтүп жатат. Ага бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, милиция, социалдык коргоо кызматкерлери, эл аралык уюмдардын адистери катышып жатышат. Кылмыш жасаган өспүрүмдөрдүн укугун коргоо, ишти сотко жеткирбей өз ара чечишип, өспүрүмдү түрмөдө эмес, үй-бүлөдө, атайын кам көрүүчү кеңештин карамагында тарбиялоо тажрыйбасын Кыргызстанда жайылтуу маселеси талкууланууда. Адистердин пикиринде, азыркы жазалоо чаралары жашы жете электердин арасында кылмыштуулуктун санын азайтпайт. Тетирисинче, түрмөгө түшүп чыккан өспүрүмдөрдүн 80 пайызы кайра эле кылмыш жасап, камакка алынат. (RK)

XS
SM
MD
LG