Бүгүн облустук маанидеги төрт шаарда мэр жана 16 айылда башчы шайлоо өтүп жатат. Боршайкомдон "Азаттыкка" кабарлашкандай, аталган шаар, айылдардын биринде да шайлоо процесси үзгүлтүккө учураган жок. Кочкор-Атада Кубанычбек Эгембердиев, Чолпон-Атада Бактыгул Алиев, Кара-Балтада Данияр Шабданов мэр болуп шайланды. Балыкчыдагы шайлоонун жыйынтыгы чыга элек. 16 айылдын 11инде башчылар шайланды, дагы бешөөндө жыйынтык чыгарылып жатат. Мэрлерди жана айыл өкмөттөрүн жергиликтүү кеңештердин депутаттары шайлайт. (RK)