Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:55

Суталиновдун тергөө иши бүтө элек


7-апрель окуясы боюнча башкы айыпталуучулардын бири, Коопсуздук Комитетинин мурдагы башчысы Мурат Суталинов үй камагында кала берет. Бүгүн Аскер соту 7-апрель окуясында жабырлануучулардын кайрылуусун жана Башкы прокуратуранын кассациялык датын карап, Бишкек шаардык гарнизондук аскер сотунун 20-декабрда чыгарган чечимин күчүндө калтырды. Мындай чечимге макул болбогон башкы прокуратура өкүлдөрү көзөмөл иретинде Жогорку Сотко кайрыларын билдиришти. Бул тууралуу Жогорку Соттун пресс-катчысы Бактыбек Рысалиев билдирди.

Башкы прокуратура Аскер сотуна 20-декабрда кайрылган. Буга байланыштуу апрель окуясы боюнча сот белгисиз мөөнөткө токтотулган.

Ал эми Мурат Суталинов чек араны мыйзамсыз өттү деген айып менен убактылуу кармоочу жайда отурат. 17-декабрда 1-май райондук соту аны эки ай - 15-февралга чейин тергөө абагына камоо токтомун чыгарган. Бул чечимге каршы даттануу соттун жогорку инстанцияларында каралып бүтө элек.

Издөөдө жүргөн Мурат Суталинов 14-декабрда белгисиз жагдайда апрель сотуна келген. (BuS)

XS
SM
MD
LG