Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:29

Москвада бүгүн бир нече миң адам митингге чыкты


“Таза шайлоо жана татыктуу жашоо үчүн” деген демонстрацияны өткөрүүгө бийликтер уруксат беришкен болчу. Манеж аянтындагы акцияны коммунисттер партиясы уюштурган. Аларга либерал-демократиялык партиянын (ЛДПР) жана “Солчул фронт” кыймылынын өкүлдөрү да кошулушту.

Коммунисттер бүгүн ушул эле мүнөздөгү акцияларды өлкөнүн бир топ башка шаарларында да өткөрүштү. Барнаулда иш-чарага 200, Новосибирскте 250, Казан шаарында 400 адам катышканы кабарланууда.

Бул митингдердин катышуучулары декабрда парламентке өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Владимир Чуровду кызматтан алууну талап кылышты. Андан сырткары, экономикалык, социалдык мүнөздөгү талаптарды да коюшту.

XS
SM
MD
LG