Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:34

Аба ырайы


21-22-январда жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, жолдордо кар көчкүсү, кар күрткүсү күтүлөт жана муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты кармоо сунушталат.

23-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -20…-25, күндүзү -9…-14, Талас облусунда түнкүсүн -25…-30; күндүзү -10…-15, Баткен облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүзү -3…+2, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -8…-13, күндүзү -3…+2, Ысык-Көлдө түнкүсүн -10…-15, күндүзү -1…-6, Нарында түнкүсүн -21…-26, күндүз -16…-21 градус суук болот.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -24, -26, күндүзү -12…-14 градус суук болот.

XS
SM
MD
LG