Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:17

Куралдуу күчтөрдүн зардалы дайындалды


Президент Алмазбек Атамбаевдин буйругуна ылайык, Ильязбек Субанкулов коргоо министринин биринчи орун басары, Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын зардалы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Полковник Ильязбек Субанкулов буга чейин куралдуу күчтөрдүн түштүк-батыш аймактык командачылыгынын башчысы болуп келген.

Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын мурдагы зардалы Таалайбек Өмүралиев жакында Коргоо министри болуп дайындалган.(BkA)

XS
SM
MD
LG