Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:35

Пакистан талиптери аскерлерди аткан видеотасманы жарыялады


22-январда «Техрик-е талибан-е Пакистан» тобунун согушчандары ай башында денелери Түндүк Батыш Пакистанда табылган 15 жоокер кантип атылганын көрсөткөн видеотасманы жарыялады. Бул уюм Пакистан армиясынын жоокерлерин декабрдын аяк ченинде Танк шаарындагы бекеттен түнкү черүү кезинде туткундап кеткенин билдирген. Видеотасмада аты аталбаган талибан командири аскерлер Хайбер районунда окко учкан 12 талип согушчаны үчүн өч алуу ирети өлтүрүлгөнүн айтат. Андан соң ал жана башка согушчандар аскерлерге Калашников автоматынан ок жаадырат.

XS
SM
MD
LG