Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:39

Бир аптада миңдей ок-дары, курал алынган


Өткөн жылдын соңку бир аптасында Кыргызстанда көп сандаган курал-жарак жана ок-дары табылганын бүгүн Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Декабрдын 22синен тарта калк арасында жүргүзүлгөн текшерүү иштеринин жыйынтыгында 19 мылтык, 3 тапанча, 793 ок, 2 колго жасалган жардыргыч жана 1 граната алынган. Аларды мыйзамсыз, уруксат берүүчү документсиз алып жүргөндөргө карата териштирүү иштери уланууда. Мыйзам боюнча, өз ыктыяры менен күч органдарына тапшырып бергендерге карата кылмыш иши ачылбайт, андайларга акчалай сыйлык берү да каралган. Ал эми курал-жаракты катып, мыйзамсыз алып жүргөндөр 3-8 жылга кесилиши мүмкүн. (RK)

XS
SM
MD
LG