Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:07

Суталинов боюнча чечим күчүндө калды


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы жетекчиси Мурат Суталиновдун баш коргоо чарасы өзгөртүлбөйт. Мындай чечим бүгүн Бишкек шаардык сотунда кабыл алынганын Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиев билдирди. Суталиновдун адвокаты райондук соттун чечими боюнча доо арыз менен кайрылган. Райсот Суталинов 15-февралга чейин УКМКнын тергөө абагында кармалышы керек деген чечим чыгарган болчу. Суталинов мамлекеттик чек араны мыйзамсыз өткөндүгү үчүн күнөөлөнүп жатат. Бул боюнча кылмыш иш 15-декабрда УКМКнын Тергөо башкармалыгы тарабынан козголгон. Суталиновдун адвокаты Кубанычбек Ташбалтаев эми Жогорку Сотко кайрылмай болууда. Суталинов апрел окуясы боюнча да соттолуучу. Ал жакта аны үй камагына алуу чечими кабыл алынган. (RK)

XS
SM
MD
LG