Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:50

Таланттуунун мыктысы тандалат


Кыргызстанда таланттуулардын мыктысын тандоо сынагы жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн Жаштар, эмгек жана ишке орноштуруу министрлигинен кабарлашты. Ушул аптада тандоо сынактары Бишкекте жана Караколдо өтөт. Ош, Жалал-Абад жана Баткен боюнча 4 миң кишинин арасынан 300ү тандалып алынды. Таласта 80, Нарында 100 киши тандалды. Жарым финал Бишкекте, ал эми финалдык таймаш жайында Ысык-Көлдө өтөт. Таланттуулардын эң мыктысына 250 миң сомдук сыйлык берилет. Бул сыяктуу шоулар дүйнө жүзүнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө өтүп турат. АКШда "American got a talent", Орусияда "Минута славы", Британияда "British got a talent" ж.б. Кыргызстандык бийчи Атай Өмүрзаков былтыр Чехияда өткөн ушул сыяктуу сынакта жеңүүчү аталган. (RK)

XS
SM
MD
LG