Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:54

Министрлик "Евразия жылдызы" боюнча жыйын өткөрөт


Бүгүн Маданият жана туризм министрлигинде өтө турган жыйында "Евразия жылдызы" эл аралык сынагын Кыргызстанда өткөрүүгө даярдык маселеси талкууланат. Бул тууралуу Түркияда өткөн сынактын калыстар тобунун мүчөсү Салтанат Саматова "Азаттыкка" билдирди.

Жакында Түркияда өткөн "Евразия жылдызы" сынагында Кыргызстандан барган Гүлжигит Калыков жеңген. 30 миң доллар менен сыйланган. Кийинки сынак быйылкы жеңүүчүнүн мекенинде өтүшү керек. Азырынча бул иш-чараны уюштуруу, каржылоо маселеси чечиле элек. Гүлжигит Калыковдун Түркияга барып келишине Коомдук телерадиокорпорация колдоо көрсөттү. (RK)

XS
SM
MD
LG