Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:35

Абактарда оозун тиккендердин саны миңден ашты


Кыргызстандын түрмөлөрүндө тамактан баш тартып, оозун тигип алгандардын саны 1090 адамга жетти. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын басма сөз борборунан кабарлашты. Маалыматка ылайык, мындай акция жети түзөтүү колониясы менен үч тергөө абагына жайылды. №1 тергөө абагында 385 адам, №3 тергөө абагында 53, №5 тергөө абагында 24 адам, №1 түзөтүү колониясында 15, №3 түзөтүү колониясында 61, №8 түзөтүү колониясында 78, №10 түзөтүү колониясында 212, №19 түзөтүү колониясында 200, №31 түзөтүү колониясында 61 жана №16 түзөтүү колониясында бир адам оозун тигишти. Абактагылар бул жол менен чындап эле ачкачылык жарыялаганын тастыктап, Жаза аткаруу кызматына бир катар талаптарды коюуда. (KKs)

XS
SM
MD
LG