Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:30

Түрк жараны Йылмаз 6 жылга эркинен ажыратылды


“Бета Сторес” соода түйүнүн сатуучусу Чолпон Орузбаеваны сабады делген Гүнеш Йылмаз алты жылга эркинен ажыратылды. Жогорку Соттун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мындай өкүмдү Бишкектеги Биринчи май райондук соту бүгүн чыгарды. Сот Йылмазды жабырлануучуга 150 миң сомдук материалдык компенсация төлөөгө да милдеттендирди.

Чолпон Орузбаева өткөн жылдын июнь айында ур-токмокко кабылган. Сатуучу кызды сабады деп ошол эле борбордун кызматкери, түрк жараны Гүнеш Йылмазга айып тагылган. Райондук милиция Йылмазды камакка алыш керек десе, шаардык сот тил кат алып коё берген болчу. Йылмаз ошол бойдон издөөдө жүрүп, кыргыз-казак чек арасынан кармалган. 14-октябрда казак полициясы аны кыргызстандык милицияга өткөрүп берген. Бирок Гүнеш Йылмаз өзүнө тагылган айыптарды четке кагып келет. (KKs)

XS
SM
MD
LG