Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:50

Бир жылда Кумтөрдө 18 тонна алтын өндүрүлдү


2011-жылы Кумтөр алтын кенинде 18, 1 тонна, же 583 миң 156 унций алтын өндүрүлдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” «Кумтөр Оперейтинг Компани» ишканасынын басма сөз кызматынан кабарлашты. 2010-жылы жалпы 17,6 тонна алтын чыгарылган болчу. Компания бул жылы алтындын көлөмүн 19 тоннага чейин чыгарууга белсенип жатат.

«Кумтөр Оперейтинг Компани» ишканасына канадалык “Центерра Голд” компаниясы ээлик кылат. Бул компаниянын отуз үч пайыз акциясы Кыргызстанга тиешелүү. (KKs)

XS
SM
MD
LG