Кыргыз өкмөтү 25-январда жыйынга чогулуп, алдыда аткарыла турган иш-чараларды аныктап бекитти. Расмий маалыматка ылайык, 2012-жылдын биринчи чейрегинде мамлекеттик башкаруу органдарын реформалоо аяктайт. Экинчи кварталда тартип коргоо органдарын оңдоо башталат. Үчүнчү жана төртүнчү чейректе билим берүү тармагына көңүл бурулат.
Премьер-министр Өмүрбек Бабанов Саламаттык сактоо министрлигине ушул жылдын март айына чейин аталган тармакты реформалоо программасын даярдап сунуштоону тапшырды. (EBM)
Премьер-министр Өмүрбек Бабанов Саламаттык сактоо министрлигине ушул жылдын март айына чейин аталган тармакты реформалоо программасын даярдап сунуштоону тапшырды. (EBM)