Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:02

Ошто “Апа, сизди жакшы көрөм!” акциясы өтөт


Ошто бүгүн “Апа, сизди жакшы көрөм!” аттуу флеш-моб өтөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” аны уюштурган “Дембе-дем” медиа борборунун жетекчиси Элима Жапарова билдирди. Анын айтымында, акция Ош шаарынын борбордук аянтында болот.

“Флеш-мобду биздин уюмдун жаш мүчөлөрү уюштурушту. Алар “Апа, сизди жакшы көрөм!” деген жазуулары бар плакаттарды жана ушундай жазуулар менен кооздолгон шарларды көтөрүп аянтка чыгышат. Ал жерде апаларга болгон сүйүү сезимдерин ар кайсы тилдерде шаңдуу айтышат”,- дейт Жапарова.

Акция “Дембе-дем” уюмунун жаш мүчөлөрүнүн демилгеси менен уюштурулууда. Ага кандайдыр бир конкреттүү окуя деле себеп болбогонун, жөн гана эң назик сезимдерин билдиргиси келген балдардын иш-чарасы экени айтылды. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG