Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:44

Акун: Абак ачкачылыгын Дубайдан башкарып жатышат


Кыргызстандын абактарындагы ачкачылык акциясын Дубайдан башкарып жатышат. Бул тууралуу "Азаттыкка" акыйкатчы Турсунбек Акун билдирди. Анын айтымында, мурда жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча ачкачылык бүгүн токтой баштамак. Бирок Бишкектеги №1 тергөө абагындагы айрым адамдар аркылуу Дубайдан башкача команда болуп жатат:

Көрсө мурдагы Дамир Сапарбаевдин ордуна "самозванец" болуп алгандар кысым көрсөтүп, токтотпогула деп жатышыптыр. Ким жооп берет, Байзаков кызматтан кетсин деген сөздөрдү айтып, кысым көрсөтүп жатышыптыр. Ал эми аларга Дубайдан мурда Кыргызстандан чыгып кеткен криминалдык авторитеттер кысым көрсөтүп жаткан экен.

Жаза аткаруу кызматынын маалыматы боюнча, бүгүнкү күнгө карата абактарда ачкачылык жарыялагандардын саны 6680 киши. 638и медициналык жардам сурап кайрылган. Дарылоого алынган 162 кишинин үчөөнүн абалы оорураак экени айтылууда. Оозун төөнөп, тамак ичүүдөн баш тартып жаткандар - 1319 адам. (RK)

XS
SM
MD
LG