Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:34

Германияда педофил-динаятчы алты жылга түрмөгө кесилди

Сот чиркөөнүн кызматкерин бир нече жыл бою жаш балдарга сексуалдык ыдык көрсөткөн деп тапты. Ал 2004-жылдан 2011-жылга чейин 9-15 жаштагы үч баланы сексуалдык катнашка зордоп жүргөн.

46 жаштагы аты аталбаган динаятчыны былтыр июлда ошол балдардын бири окуяны өзүнүн энесине айтып бергенден кийин кармашкан эле. Ал 13-январдагы сотто өзүнүн күнөөсүн мойнуна алды.

2010-жылы Германияда педофил-динаятчылардын иши менен байланышкан жаңжалдар жалпы коомду дүрбөлөңгө салган.
XS
SM
MD
LG