Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:36

Евробиримдик тоокторду текшерүүнүн шартын тергөөдө


Еврокомиссия Европа Биримдигине мүчө 13 өлкөдө бакма канаттууларды кармоонун стандартынын сакталбоо себебин расмий түрдө тергей баштады. Комиссия бейшемби күнү жарыялаган маалымат боюнча, 330 миллион мекиян тооктордун 47 миллиону 12 жыл мурда тыйуу салынган тар капаздарда кармалат. Буга байланыштуу Белгия, Болгария, Грекия, Испания, Италия, Латвия, Кипр, Нидерландия, Польша, Португалия, Румыния, Франция расмий түрдө түшүндүрмө берүүгө тийиш. Ошондон кийин иш сотко ашырылат.

1-январдан тарта Евробиримдик өлкөлөрүндө тар капаздарда кармалган тооктор тууган жумурткаларды азык-түлүк дүкөндөрүндө сатууга тыйуу салынган. Андай тукумдар өнөр жайда керектөө үчүн гана колдонулат.

XS
SM
MD
LG