Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:38

Сирия: Президент Асаддын күчтөрү борбордун чет жакасын кайра ээлешти


Эркин Сирия армиясына кошулгандар.
Эркин Сирия армиясына кошулгандар.
Дамаск шаарына чыгыш тараптан кире бериштеги ал-Гоута чөлкөмүндө өкмөттүн аскерлери менен өзүлөрүн Эркин Сирия армиясы деп атаган бирикменин козголоңчулары соңку эки күндөн кармашып жаткан.

Азыр кабарларга караганда, өкмөттүк күчтөр ал аймакты оппозиция согушкерлеринен тартып алды. Эркин Сирия армиясынын өкүлү алардын күчтөрү артка чегинген-чегинбегенин айтуудан баш тартты, бирок ал-Гоута чөлкөмүнө танктар киргенин билдирди.

Армияны таштап, президент Башар Асаддын режимине каршы чыккан демонстранттарды колдогон Эркин Сирия армиясынын өкүлүнүн ырастосунда, алардын күчтөрү азыр деле Дамаскка жакын жерлерде аракеттенүүдө.

БУУнун эсебинде, Сирияда он бир айга аяк басып калган элдик толкундоонун учурунда 5400дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылды.

Кечээ Орусия Араб лигасы Сириядагы байкоочуларынын ишин токтотконун сынга алды. Орус тышкы иштер министри Сергей Лавровдун айтымында, Сириядагы миссиясынын мандатын дагы бир айга узартууга уруксат алгандан көп өтпөй эле Араб лигасынын мындай кадамга барышы Москва үчүн таң калыштуу.

Араб лигасынын билдиргенине караганда, Сирияда азыр 100дөй байкоочусу кала берүүдө, бирок алардын иши токтотулган. Байкоочуларды биротоло чыгарып кетүү маселеси 5-февралга белгиленген жыйында талкууланат.

Сириянын мамлекеттик САНА жаңылыктар агенттиги Араб лигасынын чечимин БУУнун Коопсуздук кеңешине таасир берүү жана Сириянын ички иштерине тыштан кийлигишүүнү күчөтүү аракети катары мүнөздөдү.

Жума күнү бир катар араб өлкөлөрү БУУнун Коопсуздук кеңешине президент Башар Асаддын бийликти орун басарына өткөрүүсүн жана улуттук биримдик өкмөтүн түзүүнү караган резолюция долбоорун тапшырган.

XS
SM
MD
LG