Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:39

Жогорку Соттун судьясы Алиева кызматынан мөөнөтүнөн мурда кетип жатат


Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитети бүгүн Жогорку Соттун судьясы Жаңыл Алиеваны өз каалоосу боюнча кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө президент Алмазбек Атамбаевдин сунушун карады. Комитет мүчөсү Анарбек Калматов азыркы бийлик Алиеванын көп жылдык тажрыйбасын пайдаланса болмок деген пикирин билдирди. Депутаттар бийлик тарабынан кандайдыр бир кысым болбогонун тактап өтүштү.

Жаңыл Алиева сот тутумунда 27 жыл иштегенин белгилеп, кызматтан өз арызы менен кетип жатканын айтты. Президенттин сунушу эми комитеттин корутундусу менен Жогорку Кеңештин жыйынында каралат. Бул маалыматты парламенттин басма сөз кызматы таратты. (RK)

XS
SM
MD
LG