Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:49

Коомдук телерадионун Байкоочу кеңешине талапкерлерди сунуштоо башталды


Кыргызстандын Коомдук телерадиокорпорациясынын Байкоочу кеңешине талапкерлерди сунуштоо башталды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды. 2010-жылдын апрелинде өлкөдө бийлик алмашканда мамлекеттик телерадио коомдук болуп кайра түзүлгөн. Корпорациянын башчысы мурда президенттин жеке чечими менен дайындалса, азыр аны Байкоочу кеңеш дайындайт. Анын курамында президенттин 5 өкүлү жана парламент менен жарандык коомдун бештен өкүлү бар.

Президент Алмазбек Атамбаев КТРК жөнүндөгү мыйзамга 21-декабрда кол койгон. Ага ылайык, үч айдын ичинде Байкоочу кеңештин курамы кайра тандалышы керек.

2010-жылы 3 жылдык мөөнөткө дайындалган Байкоочу кеңеш жаңы мыйзамдын кабыл алынышына каршы экенин билдирип келген. (RK)

XS
SM
MD
LG