Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 15:30

"Кылмыштуу дүйнөнүн анабашы" атыккандардын жазасын күчөтүү сунушталды


Кыргызстанда "кылмыш дүйнөсүнүн анабашы", "мыйзамдагы ууру", "кылмыштуу чөйрөнүн төбөлдөрү" атыккандарды жазалоо күчөтүлүш керек. Бул тууралуу Коргонуу кеңешинин катчылыгынын жыйынында айтылды. Күнөөсү далилденгендерди жазалоо үчүн Кылмыш кодексине тиешелүү толуктоолор, өзгөртүүлөр киргизилиши керектиги белгиленди. Дээрлик 10 күндөй Кыргызстандын абактарында ачкачылык жарыяланып, анын башчылары "кылмыш дүйнөсүнүн" төбөлдөрү экени айтылган. (RK)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG