Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:08

ДСУ Кытай соода эрежелерин бузууда деп эсептейт


Дүйнөлүк соода уюму Кытай чийки заттардын экспорттолушуна тыюу салуу менен соода жүргүзүүнүн эрежелерин бузган деген мурдагы бүтүмүн кайрадан колдоду.

Уюм аталган маселеге Кытайдын апелляциялык арызына байланыштуу кайрылды.

ДСУ буга чейин июль айында Кытай боксит жана магний өңдүү сейрек кездешүүчү элементтердин экспорттолушуна көзөмөл орнотуу менен эл аралык соода эрежелерин бузду деп тапкан.

Анда арыз АКШ, Еровобиримдик, Мексика тарабынан берилген. Алар Кытайдын уюлдук телефондон тартып, медициналык жабдууларга чейин колдонулуучу металлдардын экспортун чектөө чаралары бааны көтөрүп, ошол эле учурда жергиликтүү өндүрүшчүлөргө артыкчылык берип жатканын билдиришкен.

Сейрек кездешүүчү элементтердин дүйнөлүк корунун 90% Кытайдын аймагында жайгашкан. АКШнын соода өкүлү Рон Кирк Дүйнөлүк соода уюмунун дүйшөмбү күнкү чечимин Кошмо Штатта үчүн “абдан чоң жеңиш" катары баалады. (UE)

XS
SM
MD
LG