Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:47

Флоридадагы шайлоодо Митт Ромни жеңишке жетишти


Республикалык партиянын АКШ президенттигине талапкерин тандоо үчүн бул штатта өткөн баштапкы шайлоодо же праймеризде Массачусетс штатынын мурдагы губернатору Митт Ромни башкы атаандашы, Конгресстин Эл өкүлдөр палатасынын мурдагы спикери Ньют Гингричтен озуп чыкты.

Добуштардын дээрлик баары саналгандан кийинки маалыматка караганда, Ромни 46%, Гингирич 32% добуш топтогон.

АКШ президенттигине талапкер болууну көздөгөн калган эки саясатчы: мурдагы сенатор Рик Санторум 13%, когрессмен Жон Паул 7% добуш алган.

Баштапкы шайлоолордун буга чейинкилеринде, Айова жана Нью-Гэмпшир штаттарында Митт Ромни, Түштүк Каролинада Ньют Гингрич жеңип чыккан.

Алдыда дагы 46 штатта шайлоо өтөрүнө токтолгон Гингрич Флоридадагы добуш берүү Республикалык партиядан талапкер болуу укугу үчүн жарышта ал жана Митт Ромни калганын көргөзгөнүн белгиледи.

Республикалык партиянын талапкери ноябрдагы шайлоодо президент Барак Обама менен атаандашат.

XS
SM
MD
LG