Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:29

Орусияда автокырсыкка учураган 14 кыргызстандыктын арасында 2 жашар кыз бар


Орусиянын Чебаркуль шаарында унаа кырсыгына кабылган 14 кыргызстандык жарандын экөө мерт кеткен, алтоо ооруканада, алардын төртөө оор жараат алган, экөөнүн жарааты орто. Бул тууралуу "Азаттыкка" Кыргызстандын Екатеринбургдагы консулу Гүлнара Нарматова билдирди. Оор жараат алгандардын үчөө Челябинск шаарынын күйүк бөлүмүнө жеткирилген, төртүнчүсү Чебаркуль шаарынын борбордук ооруканасында дарыланууда. Ал эми 2 жашар кыз бала ошол эле жерде балдар ооруканасында дарыланып жатат. Каза болгон эки жарандын сөөгүн Кыргызстанга жеткирүү маселеси чечилүүдө.

1-февралда Орусиянын Челябинск облусунда 14 кыргыз жараны түшүп келе жаткан кичиавтобус менен жүк ташуучу унаа кагылышып кеткен. Алар Москвадан Бишкекке жөнөп келатышкан.

Премьер-министр Өмүрбек Бабанов кырсыкка кабылгандарга тиешелүү жардам көрсөтүүнү тышкы иштер министрлигине тапшырды. (RK)

XS
SM
MD
LG