Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

ӨКМ шашылыш билдирүү таратты


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, 6-февралга чейин жаап жаткан жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо, Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоолуу автожолдорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Жолдордо кар күрткүсү пайда болуп, муз тоңот. Мындан улам унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так кармоо, таш жолдордо, түнкүсүн кар көчкү жүрүүчү аймактарда жол жүрбөө сунуш кылынат.

Бүгүн 5-февралда түнкүсүн Кыргызстандын аймагында мезгил-мезгили менен кар жаап, айрым аймактарда кар калың түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, Ысык-Көл кылаасында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -11…-16,
Талас облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -11…-16,
Баткенде түнкүсүн -9…-14, күндүз -5…-10 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -8…-13, күндүз -5…-10,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -10…-15, градус, күндүз -4…-9,
Нарында түнкүсүн -19…-24, күндүз -13…-18,

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: түнкүсүн -18…-20 градус, күндүз -13…-15 градус суук болот. (JAk)

XS
SM
MD
LG