Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:14

Египетте аскердик башкарууга каршылык уланууда


Египеттин өкмөттүк телевидениесинин кабарлашынча, ишемби күнү түн ортосу ченде Мамлекеттик салык комитетинин имаратына өрт коюлду. Нааразылык чыгуулар Порт Саид шаарындагы футболдук беттешүү кезиндеги чатакта 74 адам набыт болгондон кийин башталды. Протестчилер коопсуздук күчтөрүн кандуу булоондун алдын албады деп айыпташууда. Соңку төрт күндөгү тополоңдо кеминде 12 киши бейажал өлдү.

Акыркы жума Хосни Мубарак бир жыл мурда элдик толкундоолорго туруштук бербей президенттиктен кеткенден берки эң кандуу апта болду. Таанымал юристтер менен коомдук ишмерлердин тобу Ички иштер министрлигинин жетекчилиги менен кездешип, коогалаңды басуунун амалын талкуулашканы маалымдалды.

XS
SM
MD
LG