Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:10

Европада катуу сууктан өлгөндөрдүн саны өстү


Европадагы ызгаар 200дөн ашык адамдын өмүрүн алып кетти. Кээ бир маалыматтарда бул сан 300дөн ашканы айтылууда. Украинада бир эле түндүн ичинде сууктан 9 киши каза болуп, жалпы сан 131 кишиге жетти. Польшада бир суткада 8 киши өлдү. Калың кар Британиянын борбордук жана батыш аймактарында жол кыймылын кыйындатты. Лондондогу Хитроу аэропортунда жекшемби күнү рейстердин 50 проценти аткарылган жок. Боснияда кардын камоолунда калган элге медицианлык жардам берүүгө тик учактар тартылды. Кошуна Сербияда 70 миңдей киши жашаган чөлкөм кардын туткунунда калып, жолдор жабылды. 32 облуста чукул абал жарыяланды.

XS
SM
MD
LG