Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:56

Каза болгон курсанттын сүйлөшкөн кызы өз өмүрүн кыйды


Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик институтунун 30-январда асынып өлдү делген курсанты Таалай Болотбек уулунун сүйлөшкөн кызы Жамила ызасынан өз өмүрүн кыйды. Бул тууралуу акыйкатчы Турсунбек Акун билдирди.

Расмий маалымат боюнча, курсант асынып өлгөн. Соттук-медициналык экспертиза да ушундай бүтүмгө келген. Бирок жерге берээр алдында молдо жасатын сууга алганда анын денесинде көк ала, бутунда күйүк көргөнүн ата-энеси айтууда.

Коргоо министрлигинде бул окуя боюнча атайын комиссия иштеп жатат. Жыйынтыгын 8-февралда жарыяланаарын "Азаттыкка" билдиришти.

Бул маселе жөнүндө бугүн парламентте да сөз болуп, депутаттар иликтөө чала жүргүзүлүп жатканын, мындайга жол берген Коргоо министрлигинин жоопкерчилигин караш керектигин айтышты. (RK)

XS
SM
MD
LG