Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:13

АКШ Сириядагы дипломаттарын чыгарып кетти


АКШ элчиси Роберт Форд президент Башар Асад менен жолугуу учурунда. 27-январь, 2011-жыл.
АКШ элчиси Роберт Форд президент Башар Асад менен жолугуу учурунда. 27-январь, 2011-жыл.
АКШнын Дамасктагы элчилигинин билдиргенине караганда, элчи Роберт Форд жана башка дипломаттар Сириядан дүйшөмбүдө чыгып кетишти.

Мамлекеттик департаменттин айтымында, президент Башар Асаддын өкмөтү элчиликти коргоону күчөтмөйүнчө, ал жабык болот.

Мурдараак президент Барак Обама Вашингтондон сүйлөгөн учурунда Сириядагы жаңжаалды тыштан аскерий кийлигишүүсүз чечүү маанилүү экендигин айткан.

Ал эми Каирден Араб лигасынын башкатчысы Сирия армиясынын жарандарга каршы оор куралдарды колдонуусу өлкөнү жарандык согушту көздөй тартып жатканын белгиледи.

Британия болсо Сириядагы элчисин консультация үчүн чакыртып алган. Британ тышкы иштер министри Уильям Хейгдин айтымында, Лондон башкача ойлонгондордун Башар Асаддын режими тарабынан күч басылышына “жийиркеничин” билдирүү үчүн түрдүү каналдарды колдонууда. Бүгүн британ тышкы министрлигине Сириянын элчиси чакыртылган.

Бул аралыкта Сириянын коопсуздук күчтөрү жаңжаал жүрүп жаткан бир нече шаарда жаңы чабуулдарды жасаган.

XS
SM
MD
LG