Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:35

Пан Ги Мун Сириядагы абалга кабатыр


БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Сириядагы зордук-зомбулуктун күчөшүнө байланыштуу камтамасын билдирип, Сирия өкмөтүнүн аракеттери “адамзатка каршы келет деди. Кечээ Хомс шаарында өкмөттүк армиянын аткылоосунан 65 киши каза тапкан.

Коопсуздук кырдаалы начарлагандыктан, АКШ Сириядагы дипломаттарын чыгарып кетти. Мамлекеттик департаменттин маалымат катчысы Виктория Нуланд элчи жана бардык кызматкерлер дүйшөмбү күнү Дамасктан чакыртылганын, америкалык желек түшүрүлгөнүн билдирди:

- Кызматкерлерибиздин коопсуздугуна кабатырланып, Дамасктагы элчиликтин ишин убактылуу токтотуу керек деген чечимге келдик.

4-февралда Россия менен Кытай президент Башар Асадды бийликтен кетүүгө үндөгөн Коопсуздук кеңешинин резолюция долбооруна вето коюшкан. АКШнын БУУдагы элчиси Сьюзан Райс эки өлкө тең “чечимдерине өкүнүшөт” деп билдирди.

Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров документти жактыруу Сириядагы “жарандык согушта” кайсы бир тарапты колдоого барабар болот эле деди.
Лавров жана Россиянын сырткы чалгындоо кызматынын башчысы Михаил Фрадков бүгүн Дамаскта президент Асад менен жолугушат.

XS
SM
MD
LG