Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:22

Израил өкмөт башчысы Палестина жетекчилигинин келишимине нааразы


Израилдин премьери Беньямин Нетаньяху Хамас радикалдуу топтун өкүлдөрү катышкан палестиналык өкмөт менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү мүмкүн эместигин билдирди. Анын айтымында, согушкер уюм менен бийлик бөлүшүү жөнүндөгү макулдашуу түзүү менен Махмуд Аббас “бейпилдикке карай жолдон тайды”. Кечээ Катарда өткөн жыйында палестиналык атаандаш топтор ФАТХ жана Хамастын лидерлери Махмуд Аббас менен Халед Машаал өткөөл биримдик өкмөтүн куруу тууралуу макулдашышкан. Аны Аббас жетектемей болду. Өкмөт быйыл майда өтө турган президенттик жана парламенттик шайлоого даярдык көрмөкчү. 4 жылдан бери Хамас Газа тилкесин, ал эми Аббастын өкмөтү Иордан дарыясынын батыш жээгин башкарып келатат.

Израиль Хамасты террордук уюмдардын тизмесине киргизген.

XS
SM
MD
LG