Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:40

Казакстанда катталбаган партияга кысым күчөдү


Оппозициядагы Алга партиясынын жетекчилери Улуттук Коопсуздук комитетинде суракка чакырылды. Алганын Кызыл-Ордо дубанындагы баш өкүлү Мухит Нурмахандын Азаттыкка билдиришинче, эки коопсуздук кызматкери Алганын кеңсесинде болуп, төрт кишиге суракка чакыруу берип, ошондой эле партиянын жабдыктарын конфискациялоо буйругун көрсөтүшкөн, бирок мындай чараларга эч кандай түшүндүрмө берилген эмес.

Коопсуздук кеңешинен жооп алуу мүмкүн болгон жок. Алганын Петропавлоск менен Кокшетаудагы өкүлдөрү да суракка чакырылганын билдиришүүдө. Алганын төрагасы Владимир Козлов өткөн айда Жаңы-Өзөн трагедиясына байланыштуу эки айга камакка алынган.

Жаңы -Өзөндө 16-декабрдагы мунай жумушчулары менен кагылышта кеминде 16 киши окко учкан.

XS
SM
MD
LG