Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:26

Чарлз Дикенстин 200 жылдык мааракеси белгиленди


Шекспир менен катарлаш англис тилиндеги адабияттын алпы сангалан Чарлз Дикенстин Лондондун Вестминстер чиркөөсүндөгү мүрзөсүнө ханзада Чарльз гүл чамбар койду.

Чиркөөнүн Акындар бурчунда чогулгандардын арасында Чарлз Диккенстин кыбырасы Марк Дикенс да болду:

– Чарлз Дикенстин 200 жылдык мааракеси бизге анын эмгегине, айрыкча анын социалдык реформага мамилесине кайрадан көз чаптырууга мүмкүндүк берет, себеби социалдык реформа ал үчүн өмүрү өткөнчө өтө бир маанилүү маселе болгон.

Салтанатта актер Ралф Фиеннес Дикенстин эмгегинен үзүндү окуду жана жардыларга, жазуучуларга жана журналисттерге бата берилди.

Дикенс төрөлгөн Түштүк Англиядагы Потсмаус шаарында да кошумча иш-чаралар өттү.

Дикенс көп сандаган кыска аңгемелердин, бир нече драманын жана ондон ашык романдын автору болгон. Анын Оливер Твуисттин жоруктары өңдөнгөн чыгармаларына Дикенс өзүнүн жакыр балалагында башынан өткөргөн окуялардын таасири тийген.

XS
SM
MD
LG