Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:27

Сариев: Кумарканаларды жабуу мыйзамы толук аткарылат


Кумар оюндарына тыюу салуу боюнча мыйзам толугу менен аткарылат. Бул тууралуу парламенттеги Экономика жана монополияга каршы саясат боюнча комитеттин жыйынында Экономика жана монополияга каршы саясат министри Темир Сариев билдирди.

Жыйында маалым болгондой, ушу тапта Кыргызстанда 25 казино жана 25 автоматтык кумар оюн жайлары тиешелүү мамлекеттик органдардын көзөмөлүндө. Курамына Каржы полициясынын, Салык кызматынын, Каржы көзөмөлү кызматынын өкүлдөрүнөн турган 14 ыкчам топ текшерүү иштерин жүргүзүүдө. Кыдыруу учурунда 22 мыйзам бузуу фактысы катталып, тиешелүү чаралар көрүлдү.

Каржы полициясынын айтымында, административдик айып салуудан тышкары, мыйзам талаптарын аткарбай, көмүскө иш алпаргандыгы үчүн Бишкектеги «Вулкан» оюнканасынын ээлерине карата кылмыш иши козголду. Бишкек мэриясы кумар оюнканаларынын аты жазылган такталарды алып салуу чараларын көрүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG