Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:44

Түркмөн президентинин атасынын ысымы ИИМдин бөлүгүнө ыйгарылды


Turkmenistan -- President Gurbankuly Berdymuhammedov, 14Feb2009
Turkmenistan -- President Gurbankuly Berdymuhammedov, 14Feb2009
Мамлекеттик маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда, Мяликгулы Бердумухаммедовго мындай сый-урмат анын Түркмөнстандын ички иштер министрлигинде бир нече жыл кызмат өтөгөнүн, “жаш муунга тарбия берүүдө сиңирген эмгегин” таануу үчүн көргөзүлүүдө.

ИИМдин ал мурда кызмат өтөгөн аскер бөлүгүндө ички иштер органдарынын ардагери, ички иштер кызматынын подполковниги Мялигулы Бердымухаммедовдун музейи да ачылган. Жакында ал аскер бөлүктө президент Бердымухаммедов өзү болуп, Коопсуздук кеңешинин көчмө жыйынын өткөрдү.

Көчөлөргө же коомдук уюмдарга президенттин ата-энесинин ысымдарын ыйгаруу авторитардык бийлик өкүм сүргөн Түркмөнстанда кеңири жайылган көрүнүш. Мурдагы президент, маркум Сапармурад Ниязов кезинде жыл айларын өзүнүн жана ата-энесинин ысымдары менен атап салган болчу. Бул эреже кийин азыркы президент тарабынан өзгөртүлгөн. Бердымухаммедов болсо кичи мекени катары эсептелген кыштакта чоң атасынын эстелигин тургузган. (UE)

XS
SM
MD
LG