Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:07

АКШнын үч штатындагы баштапкы шайлоодо жаңы талапкер алдыга чыкты



Республикалык партиянын президенттикке талапкерин аныктоо боюнча Колорадо, Миссури жана Миннесота штаттарында өткөн ички партиялык шайлоодо (праймериз) сенатор Рик Санторум жеңишке жетишти. Ал жеңиши аныкталгандан кийинки сөзүндө өзүн эң татыктуу талапкер катары мүнөздөдү:

-Мен силер биздин кайрылууну уктуңар деп үмүттөнөм. Эгер биздин кайрылууну уккан болсоңор, саламаттыкты сактоо, айлана-чөйрөнү коргоо, соода, Уолл стритти сактоо өңдүү маселелерде Митт Ромни Барак Обамадай эле турумда экендигин аңдап-билдиңер. Чын-чынында ал эркин Америка үчүн, силердин добушуңар үчүн күрөшүүгө жарагыдай туура адам боло албайт.

Рик Санторумдун соңку жеңиши республикачылардын шайлоо өнөктүгүнүн буга чейинки лидери, Массачусетс штатынын мурдагы губернатору Митт Ромнинин ийгиликтерине зыян келтирүүдө.

Ал буга чейин Невада, Флорида и Нью-Гемпшир штаттарындагы баштапкы шайлоодо утуп чыккан. Санторум болсо Айова штатында кичине артыкчылык менен жеңген.

Праймериздер аркылуу АКШ президенттигине талапкер болгусу келгендер штаттардан делегаттарды топтойт. Азыркы президент Барак Обамага атаандаш болуучу талапкер Республикалык партиянын августагы курултайында расмий тандалат. (UE)

XS
SM
MD
LG