Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:46

БУУнун жогорку комиссары: Сириядагы окуялар - кыргын


Хомстун Баб Амр районунун тургундары баш калкалоочу жайда. 8-февраль, 2012-жыл.
Хомстун Баб Амр районунун тургундары баш калкалоочу жайда. 8-февраль, 2012-жыл.
БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Нави Пиллай бүгүн эл аралык коомчулукту Сириянын жарандарын “кыргындан” сактап калуу үчүн чукул чара көрүүгө үндөдү. Анын мындай чакырыгы Сириянын өкмөттүк күчтөрү президент Башар Асаддын режимине каршы нааразылык акцияларынын очогу болгон Хомс шаарынын чет жакасындагы райондорду аткылоону улантып жаткан учурда айтылды.

Нави Пиллай бүгүн Женевадан таратылган билдирүүсүндө белгилегендей, БУУнун Коопсуздук кеңешинин биргелешкен чараны макулдаша албай койгону Сирия өкмөтүнүн чырагына май тамызгандай. Ал башкача ойлонгондорду басуу аракетинде өз элине кыргын салууда. Орусия жана Кытай өткөн аптада БУУнун Коопсуздук кеңешинин Сириядагы кан төгүүнү токтотууга жана президент Башар Асадды бийликтен кетүүгө чакырган резолюциясын өткөрбөй коюшкан.

Кабарларга караганда, Сириянын өкмөттүк күчтөрү Хомс шаарынын чет жакасында, суниттер жашаган райондорду танктардан жана артиллериядан аткылоону күчөткөн.

Кеңсеси Лондондо жайгашкан уюм – Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясынын маалыматы боюнча өткөн түнкү аткылоодон 47 адам мерт болгон.

Бирок бул маалыматтарды бийлик чет элдик журналисттердин ишине чек койгондуктан башка көз карандысыз булактар аркылуу тактоо мүмкүн эмес.

Анткен менен Хомстун оппозиция көзөмөлүндөгү аймактарында жүргөн айрым журналисттер шаардын чет жакасында райондор танктардан жана артиллериядан ургалдуу аткыланып жатканын ырасташты. (UE)

XS
SM
MD
LG