Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:11

Анкара Сирия боюнча эл аралык жыйын өткөрүүнү сунуштады


Түрк тышкы иштер министри Ахмед Давутоглу Сирия боюнча эл аралык конференция өткөрүүнү сунуш кылды. БУУнун Коопсуздук кеңешинин кризисти жөнгө салуу арактетеринен майнап чыкпаса, Сирия элине колдоо көргөзүүнүн башка жолун табуу керек, - деди Давутоглу.

Сириялык укук коргоочулардын маалыматына караганда, кечээ полиция жана аскерлер менен кагылышууларда бир нече шаарда 60тай киши мерт кетти.
Ал аралыкта орус премьер-министри Владимир Путин сириялыктарга өз тагдырын чечүү мүмкүнчүлүгүн бериш керек деп, Батыш бул маселеде өзүн “идиш-аяк дүкөнүнө кирип алган пилдей” алып барууда деди.

БУУнун болжолунда Асад режимине каршы демонстрациялар башталган 11 айдан бери өлкөдө 5 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылды.

XS
SM
MD
LG