Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:43

Египет укук коргоочулар боюнча АКШны кабардар кылды


Египет бейөкмөт уюмдарда иштеген америкалык жарандарга тагылып жаткан айып тууралуу АКШны кабардар кылды. Мамлекеттик департаменттин маалымат катчысы Виктория Нуланд АКШнын расмий адамдары азыр документтер менен таанышып жатышканын айтты. Сырт өлкөлөрдөн каржыланган бейөкмөт уюмдар мыйзамсыз иш алып барышууда деген күнөө 43 кишиге, анын ичинде АКШнын 19 жаранына тагылууда. Вашингтон Каир бейөкмөт уюмдарды куугунтуктоону токтотпосо, жыл сайын берилчү 1 миллиард 300 миллион доллар жардамдан куру калат деп эскерткен. Египеттин премьер-министри Камал Ганзури өкмөт мыйзамдын үстөмдүгүн сактайт жана артка чегинбейт деп жооп берди.

XS
SM
MD
LG