Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:09

АКШ: Ооганстандагы операция түпкү максатына жете элек


Ооганстанда дээрлик он жылдан бери жүрүп жаткан операциядан кандайдыр бир жыйынтыктар чыкканы менен ал түпкү максатына али жете элек. Бул абдан коркунучтуу аймак бойдон калууда. Ошондуктан Кыргызстандагы Транзиттик жүк ташуулар борбору азыр абдан эле зарыл. Мындай оюн бүгүн "Азаттыкка" курган маегинде АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен билдирди. Элчи ошондой эле 2014-жылдан кийин базанын тагдыры, макамы кандай болот, бул боюнча Кыргызстан бийлиги менен сүйлөшүүгө америкалык тарап даяр экенин билдирди. 2011-жылдын сентябрындагы Нью-Йорктогу террористтик чабуулдан кийин Ооганстанда атайын антитеррордук операция башталган. Ал үчүн Бишкектин четинде АКШ каржылаган аскердик база ачылган. (SJ/RK)

XS
SM
MD
LG