Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:16

Кыргызстан араб эмираттар менен бизнес алакасын кеңейтет


Бүгүн вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев Бириккен Араб Эмираттарынын тышкы иштер министринин атайын өкүлү Халид Ганим ал-Гайс менен Бишкекте жолукту. Эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү маселеси талкууланды. Кыргыз жана эмирлик бизнесмендердин Ишкерлер кеңешин түзүү демилгеси көтөрүлүп, бул багытта иш башталаары айтылды. Эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда кызматташтык боюнча план түзүлмөй болду. Жакында Бишкек менен Дубайды байланыштырган аба каттам ачылган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG