Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Август, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:51

Пакистанда АКШнын аба чабуулунан “ал-Кайиданын” жергиликтүү лидери өлтүрүлдү


Сөз Пакистандагы талиптердин “ал-Кайида” менен жакын кызматташып жүргөн лидери Бадар Мансур жөнүндө болуп жатат. Ал бүгүн Түндүк Вазиристандагы чабуулдан өлгөнү кабарланууда. Пакистандагы маалымат булактарынын айтымында, акыркы эки күндөн бул өңдүү пилотсуз аскерий учактан урулган эки чабуул болду жана аларда төрт адам – Бадар Мансур жана анын үй-бүлөсү өлтүрүлдү. Атын атагысы келбеген пакистандык бир расмий кызматкер Мансурду “былтыр Ильяс Кашмири жок кылынгандан бери "ал-Кайиданын" Пакистандагы чыныгы лидери болуп калган” деп сүрөттөдү.

XS
SM
MD
LG