Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:24

Бишкекте жолкире кымбаттайт


Борбор калаа башчысы Иса Өмүркуловдун “Knews” агенттигине билдиргени боюнча, жакынкы арада автобус жана троллейбустарда жүрүү акысы 8 сомго, ал эми маршруттук каттамдагы кичиунааларда жүрүү 10 сомго чыгышы ыктымал. Шаар башчысы муну баалардын көтөрүлгөнүнө байланыштуу аргасыздан жасалып жаткан кадам деп белгилеген.

Мыйзам боюнча мэриянын демилгеси Бишкек шаар кеңешинде каралып, анда чыккан чечимге жараша жүзөгө ашырылат.

Бишкектеги транспорт акысы мындан төрт жыл мурун көтөрүлгөн. Учурда автобуста жүрүү акысы 6 сом, троллейбуста 5 сом, ал эми маршруттук каттамдардагы кичиунааларда жолкире 8 сом.(ZKo)

XS
SM
MD
LG