Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:50

АКШда президентке кол салууга аракеттенген өзбек жаран соттолду


Алабама штатындагы сотто 22 жаштагы Улугбек Кодиров Барак Обаманы өлтүрүүгө аракет кылганын мойнуна алды.

Эми ал 30 жыл абакка кесилип, 750 миң доллар айып пул төлөшү керек. Жума күнү болгон соттук жыйында Кодиров “Өзбекстан ислам кыймылынын” тапшырмасы менен мындай ишти уюштурууга барганын айтты. Ал Эмир деген каймана ысымы бар адамдан интернет аркылуу тапшырмаларды алып турган.

Кодиров өткөн жайда Алабама штатынын Бирмингем шаарынын четинде автомат сатып алууга даярданып жатканда кармалган. Ал курал алып жүргөн, террорчуларга материалдык жардам берген деген негизде айыпталууда.

Улугбек Кодиров Кошмо Штаттарга студенттик виза менен жетип, бирок окууга кирген эмес.

XS
SM
MD
LG