11-февралда Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы орус драм театрында “Адамдар жөнүндө сүйлөшүү” аттуу эл аралык фото сүрөт көргөзмөсү башталды. Көргөзмөнүн уюштуруучусу Сергей Новоцеловдун “Азаттыкка” билдиришинче, көргөзмө ар кыл маданияттагы адамдарды сабырлдуулукка, ынтымакка чакырууну көздөйт жана анда адамдардын күнүмдүк турмушун баяндаган фото сүрөттөр коюлду.
22-февралга чейин уланган көргөзмөдө өлкөдөгү фотосүрөтчүлөр менен катар түркиялык, жапониялык жана америкалык 15 фотосүрөтчүнүн эмгектери көпчүлүк назарына сунушталууда. (BkA)
22-февралга чейин уланган көргөзмөдө өлкөдөгү фотосүрөтчүлөр менен катар түркиялык, жапониялык жана америкалык 15 фотосүрөтчүнүн эмгектери көпчүлүк назарына сунушталууда. (BkA)