Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:18

Митт Ромни Мэн штатында алгачкы добуш берүүдө жеңди


АКШда республикачылар арасында президентикке талапкерликке ат салышкан Митт Ромни Мэн штатында алгачкы добуш берүүдө жеңди. Республикачылардын ичинде экинчи орунга Техастын конгрессмени, либералдык көз караштагы Рон Пол чыкты.

Массачусетс штатынын мурдагы губернатору Митт Ромни 39%, Рон Пол 36% добушка ээ болду.

Митт Ромни эгерде бул жолу алдыга чыкпаса, президенттик жарыштан чыгып калмак. Анткени ал буга чейин Колорадо, Миннесоте жана Миссури шаттарында экс-сенатор Рик Санторумга уттуруп койгон.

Мэн штатында Санторум болгону 18% гана добуш алды, дагы бир талапкер Ньют Гингрич 6% добуш жыйнады.

XS
SM
MD
LG