Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:40

АКШда таанымал ырчы Уитни Хьюстон көз жумду


48 жаштагы америкалык ырчынын сөөгү Беверли Хиллздеги мейманканада табылган, полициянын маалыматы боюнча Хьюстон өз ажалынан дүйнө салган.

Дүйнөдөгү ырчынын күйөрмандары интернет сайттарда Хьюстон аткарган ырларды жайгаштырууда. Ырчынын талантын баалагандар менен Голливуд аза күтө баштады.

Уитни Хьюстон өткөн кылымдын 80-90 жылдарында чоң атак-даңкка ээ болгон. Айрыкча 1992-жылы "Телохранитель" («Жан сакчы») деген фильм чыккандан кийин Хьюстон дүйнөгө таанылган. Бул тасмада Хьюстон башкы ролдордун бирин жана негизги музыкалык партияларды аткарган.

2000-жылдары болсо ырчы жөнүндө анын жеке турмушуна байланышкан маалыматтар басымдуулук кылган.

XS
SM
MD
LG