Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:50

Грекия кризиске каршы чаралар боюнча жаңы мыйзам кабыл алат


Бүгүн грек парламенти Евробиримдик менен Эл аралык валюта кору Афинага берчү 130 миллиард евро өлчөмүндөгү көмөктү алуу үчүн атайын документтер топтомун жактыруусу керек.

Грекиянын премьер-министри Лукас Пападимос ишембиде улуттук сыналгыда чыгып сүйлөгөндө - эгерде мыйзам кабыл алынбаса, өлкөнү "баш аламандык жана социалдык жарылуу" күтүп турганын эскерткен.

Грекияда бешинчи жылы катары менен каржылык кризис тереңдеп, Евробиримдиктин чаралары өлкөдө нааразылыкты жаратууда.

Евробиримдиктин сунуштарында: Грекияда эң төмөнкү маянаны 22% азайтуу, эмгек боюнча мыйзамдарды реформалоо, кызматкерлерди иштен кетирүүнү жөнөкөйлөтүү, салык жана пенсия төлөө системаларында өзгөртүүлөрдү киргизүү камтылган. Ишембиде баш калаа Афинада миңдеген адамдар нааразылыкка чыгышты.

XS
SM
MD
LG